Адвокаттарга карата тартиптик өндүрүштү жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, анализ жүргүзүлдү
Primary tabs

Сиздерге маалымдайбыз, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен биргеликте адвокаттарга карата тартиптик өндүрүштөрдү кароонун тартиби жана Адвокатуранын Этика боюнча комиссиясынын ишмердүүлүгү боюнча талдоо жүргүздү.
Бул талдоо жарандардын, мамлекеттик органдардын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын адвокаттардын аракеттерине байланыштуу даттанууларды кароонун натыйжалуулугу боюнча келип түшкөн кайрылууларынын негизинде жүргүзүлдү.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча айрым маселелерди мындан ары өркүндөтүү зарылдыгы белгиленди, анын ичинде кайрылууларды кароодо бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу, тартиптик өндүрүштүн айрым жол-жоболорун тактоо, иш кагаздарын жүргүзүүнү жана тартиптик иштер боюнча материалдарды түзүүнү жакшыртуу зарылдыгы көрсөтүлдү.
Этика боюнча комиссиянын ишин андан ары өркүндөтүү, тартиптик өндүрүштөрдү инвентаризациялоо жана колдонуудагы жол-жоболорду жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан жумушчу топ түзүү жөнүндө биргелешкен буйрук чыгарылды.
Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү киргизилди. Жумушчу топко тартиптик иштерди кароо практикасын изилдөө, колдонуудагы жол-жоболорду талдоо, укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктоо жана тиешелүү сунуштарды даярдоо милдеттери жүктөлдү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатуранын көз карандысыздыгы адвокаттык ишмердүүлүктүн негизги кепилдиктеринин бири болуп саналаарын белгилеп, Этика боюнча комиссия Адвокатуранын кесиптик өз алдынча башкаруу системасында сакталышы зарылдыгын ырастады.
Кошумча белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, Адвокатура адвокаттардын өз алдынча башкарылуучу кесиптик коомчулугу болуп саналат. Өз алдынча башкаруу принциби Адвокатуранын көз карандысыздыгын, адвокаттардын кесиптик өз алдынчалыгын камсыз кылуунун жана жарандардын квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун коргоонун негизги кепилдиктеринин бири болуп эсептелет.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тартиптик жол-жоболордун ачыктыгын, объективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле Адвокатура институтун мындан ары чыңдоого багытталган.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
