Некролог
Primary tabs

Урматтуу кесиптештер!
Терең кайгыруу менен оор жоготуу тууралуу кабарлайбыз. Бүгүн кесиптешибиз Калыбек Оконович Кукушев капысынан дүйнөдөн кайтты.
Бул күтүүсүз окуя анын кызматтык бөлмөсүндө, кадимкидей кардарлар менен сүйлөшүп отурганда болду. Ал өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин өз кесибине берилген бойдон калды.
Калыбек Оконович эң жогорку кесипкөйлүктүн, чынчылдыктын жана адвокаттык этиканын чыныгы үлгүсү эле. Ал өз ишин мыкты билгендиги, акылмандыгы, адамдарга болгон боорукер мамилеси жана ар дайым жардам берүүгө даярдыгы менен айырмаланып турчу. Биз мыкты адисти гана эмес, жүрөгү таза, боорукер, кең пейил инсанды да жоготтук.
Кесиптешибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Маркум менен коштошуу зыйнатынын күнү, убактысы жана өтө турган жери тууралуу кошумча маалымат берилет.
