14-июль — Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлдү
Primary tabs
Submitted by АКР-1 on 14.07.2026 - 15:29
Изображение:

14-июль — Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлдү
# 2026-жылдын 11-июлунда 14-июль — Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнүнө арналган салтка айланган спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлдү.
# Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши тарабынан уюштурулган иш-чаранын негизги максаты – адвокаттардын ортосундагы кесиптик ынтымакты бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу, командалык духту чыңдоо жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.
# Мелдештер спорттун үч түрү боюнча уюштурулду:
# Мини-футбол боюнча мелдешке (эркектер арасында):
- Бишкек шаардык Адвокатурасынан – 2 команда;
- Жалал-Абад облустук Адвокатурасынан – 2 команда;
- Чүй облустук Адвокатурасынан – 1 команда;
- Ош облустук Адвокатурасынан – 1 команда;
- Ош шаардык Адвокатурасынан – 1 команда;
- Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарынан келген команда катышты.
# Жыйынтыгында:
1-орунга Чүй облусттук Адвокатурасынын командасы ээ болду.
2-орунга Баткен облусттук Адвокатурасынын командасы татыды.
3–орун Жалал-Абад облусттук Адвокатурасынын командасына ыйгарылды.
# Айымдар арасындагы волейбол боюнча мелдешке:
- Ош шаардык Адвокатурасынын;
- Ош облустук Адвокатурасынын;
- Баткен облустук Адвокатурасынын;
- Бишкек шаардык Адвокатурасынын командалары катышышты.
# Жыйынтыгында:
Бишкек шаардык Адвокатурасынын командасы жеңди.
# Жекече биринчилик боюнча шахмат мелдешине:
- Өзбек Республикасынын Наманган шаарынан келген команда;
- Ош шаардык Адвокатурасынын өкүлү;
- Баткен облустук Адвокатурасынын өкүлү;
- Бишкек шаардык Адвокатурасынын өкүлү катышты.
# Жыйынтыгында:
Жалал-Абад облустук Адвокатурасынын өкүлү Тыныбеков Өмүрбек жеңүүчү аталды.
Спорттук мелдештер достук жана өз ара сый-урмат маанайында өтүп, адвокаттардын ортосундагы ынтымакты, биримдикти жана кесиптештик байланышты чыңдоого өбөлгө түздү.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы

