КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДВОКАТУРАСЫ ЖАШ АДИСТЕРДИ КОЛДОЙТ

Изображение: 

2026-жылдын 22-майында «U-Nexus Hub» инновациялык борборунда Кыргыз Республикасынын Эл аралык  университетинин Карьера борбору тарабынан «SYNERGY» технологияларды коммерциялаштыруу жана ишкердик борбору менен биргеликте уюштурулган «IUKR Job Gate» жумуш орундарынын жарманкеси болуп өттү.  

Жарманкенин сыйлуу конокторунун бири катары Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымы Мейил Адилбековна Бегилерова катышты. Ал өз сөзүндө мындай форматтагы иш-чаралар жаш адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууда жана аларды эмгек рыногуна даярдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Иш-чарага Эл аралык  университеттин проректору К. Ж. Өмүрзакова, өнөктөш компаниялардын өкүлдөрү, эксперттер жана студенттик командалар катышты.  

Жарманке студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган бизнес-кейстерди чечүү форматында уюштурулду. Студенттик командалар компаниялар тарабынан берилген реалдуу тапшырмалардын үстүндө иштеп, андан соң өз чечимдерин эксперттик комиссиянын алдында коргошту.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге практикалык тажрыйба берүү, иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү жана жаш адистердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. 

Жыйынтыгында мыкты командалар аныкталып, жеңүүчүлөргө сертификаттар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. 
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрүнүн жана тармактык эксперттердин мындай иш-чараларга катышуусу билим берүү менен практикалык чөйрөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы