Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар съездинин 2024-жылдын 27-январындагы чечими негизинде Аудиттик текшерүү жүргүзүү үчүн адвокаттар кеңешин көз карадысыз аудитордук уюуду тандоо жүктөлгөн.

Содержимое: 

Маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар съездинин 2024-жылдын 27-январындагы чечими негизинде Аудиттик текшерүү жүргүзүү үчүн адвокаттар кеңешин көз карадысыз аудитордук уюуду тандоо жүктөлгөн.

Ушул чечимди аткаруу максатында, Тандоо процедурасынын ачыктыгын жана калыстыгын камсыз кылуу үчүн Адвокаттар кеңеши тарабынан аудитордук компанияны тандоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн тандоо процедурасынын алкагында катышуучулар тарабынан тиешелүү коммерциялык сунуштар берилген, алар комиссия тарабынан каралып, бааланган. Конкурстук тандоонун жыйынтыгында комиссия тарабынан «Бэнчмарк Аудит» ЖЧКсынын талапкерлиги бекитилип, андан соң аудитордук кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык, аудиторго Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана анын аймактык адвокатураларынын 2017–2024-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн айрым аспекттерин текшерүү тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы билдирет, 2017–2024-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүккө жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы боюнча «Бэнчмарк Аудит» ЖЧКсы тарабынан аудитордук корутунду даярдалды.

Аудиттин жүрүшүндө акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы банктык көчүрмөлөрдүн негизинде жана айрым операциялардын тандалма текшерүүсү аркылуу талданды. Корутундуда кирешелердин түзүмү, мүчөлүк төлөмдөрдү бөлүштүрүү тартиби, ошондой эле айрым чыгымдардын документтик тастыкталышына жана ички каржылык эсеп тутумунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу чектөөлөр чагылдырылган.

Ошондой эле аудитор тарабынан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана анын аймактык адвокатураларынын финансылык контролун күчөтүү, эсептешүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатуу жана эсепке алуу жана отчеттуулук системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар берилди.

Корутунду ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген тартипте каралууда. Аны изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
 

PDF: ОсОО Бэнчмарк эдвайзори энд эшуренс.pdf

Тип документа: 
Информационные документы