Некролог

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын  Жалал-Абад областтынын аймактык Адвокатурасынын адвокаты Мирзабеков Чингиз Авазовичтин дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен билдиребиз. ⠀ Чингиз Авазович 1981-жылдын 1-октябрында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү катары 2015-жылдын 20-майынан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. ⠀ Өзүнүн кесиптик ишинде Чингиз Авазович көптөгөн жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп келди. 

Мирзабеков Чингиз Авазовичтин дүйнөдөн кайткандыгы — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана жалпы юридикалык коомчулук үчүн орду толгус жоготуу болуп калды.
⠀ Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. ⠀ Кесиптешибиздин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
⠀
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши