5-март — Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Изображение: 

Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад областтык Адвокатурасынын төрагасы сотторду жана сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу алардын жоопкерчиликтүү жана маанилүү эмгегин, ошондой эле сот адилеттигин чыңдоого кошкон салымын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана Жалал-Абад областтык Адвокатурасынын атынан сотторго жана сот тутумунун кызматкерлерине ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана сот адилеттигин ишке ашырууга кошкон салымы үчүн сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Бул иш-чара Адвокатура менен сот органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн тастыктап, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу багытындагы биргелешкен аракеттерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы