Адвокаттардын көңүлүнө!

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши 2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, «Медикал Ассистанс Групп» ЖЧКсы жана «Лаборатория Номер Один» ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандум түзүлгөндүгүн маалымдайт. Аталган документке ылайык, Кыргыз Республикасынын адвокаттарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бул мекемелерде көрсөтүлгөн бардык медициналык кызматтарга 20% өлчөмүндө арзандатуу каралган. Аталган меморандум учурда дагы күчүндө экендигин маалымдайбыз.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 4-мартындагы Адвокаттар кеңешинин чечиминин негизинде «Интелмед» ЖЧКсы менен өнөктөштүк келишими түзүлгөн. Анын алкагында, Кыргыз Республикасынын адвокаттарына Бонецкий лабораториясы бардык расмий филиалдарында лабораториялык анализдерди 20% арзандатуу менен тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Арзандатууну алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
• аты-жөнүн (ФИО) айтуусу;
• Кыргыз Республикасынын адвокатынын күбөлүгүн көрсөтүүсү.
Лабораториянын кызматкерлери маалыматтарды ырастагандан кийин арзандатуу автоматтык түрдө колдонулат.

Бонецкий лабораториясы төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:

- анализдердин кеңири түрлөрү — жалпы клиникалык анализдерден тартып генетикалык изилдөөлөргө чейин;
- заманбап жабдуулар жана жыйынтыктардын жогорку тактыгы;
- республика боюнча анализ кабыл алуу пункттарынын кеңири тармагы;
- жыйынтыктарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгү.

- Байланыш борбору:
+996 555 32 03 03
+996 502 32 03 03
+996 771 32 03 03

- Сайт: www.intelmed.kg

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши