Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишмердүүлүгүн маалыматтык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүчү тарапты тандоо конкурсу

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы өзүнүн ишмердүүлүгүн маалыматтык коштоо боюнча кызмат көрсөтүү келишимин түзүү үчүн уюмдар (компаниялар) арасында конкурс жарыялайт. Конкурс ачык айкындуулук жана катышуучулар үчүн бирдей шарттарды түзүү принциптеринин негизинде өткөрүлөт.

Сатып алуунун предмети

Конкурс Адвокатуранын ишмердүүлүгүн комплекстүү, системалуу жана стратегиялык багытта маалыматтык коштоо кызматтарын көрсөтүү үчүн өткөрүлөт. Бул улуттук жана эл аралык деңгээлде Адвокатура институтунун бирдиктүү коммуникациялык саясатын жана медиа-стратегиясын калыптандырууну, ишке ашырууну жана туруктуу актуалдаштырууну камтыйт.

Болжолдуу кызматтардын комплекси төмөнкү багыттарды камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:

  • Адвокаттык коомчулуктун институционалдык артыкчылыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын маалыматтык позициясын бекемдөө боюнча узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Медиа-пландаштырууну, контент-стратегияны, басылмалардын календардык планын, ошондой эле коммуникациялардын натыйжалуулугун баалоо тутумун (KPI, камтуу аналитикасы, репутациялык көрсөткүчтөр) камтыган комплекстүү коммуникациялык стратегияны киргизүү;
  • Адвокатуранын социалдык тармактардагы расмий баракчаларын башкаруу, стратегиялык өнүктүрүү жана контент менен толтуруу (контент-матрица, визуалдык концепция, редакциялык саясат, интерактивдүү форматтар, мультимедиялык контент, интервью, сторителлинг ж.б. иштеп чыгуу);
  • Визуалдык айдентиканы жана маалыматтык материалдардын бирдиктүү графикалык стандартын (инфографика, презентациялар, брендделген шаблондор) иштеп чыгуу;
  • Расмий маалыматтык материалдарды: пресс-релиздерди, жаңылыктарды, эксперттик комментарийлерди, аналитикалык баяндамаларды, маектерди, билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү кыргыз жана орус тилдеринде даярдоо жана жайылтуу;
  • Тегерек столдорду, форумдарды, адвокаттардын курултайларын жана башка коомдук иш-чараларды маалыматтык коштоо (фото жана видео репортаждар менен камсыздоо);
  • Кесипкөй фото, аудио жана видео контенттерди (репортаждар, студиялык маектер, документалдык роликтер, социалдык роликтер, видеопрезентациялар) түзүү;
  • Монтаждоо, постпродакшн, графикалык жасалгалоо, субтитрлөө жана видеоматериалдарды санариптик платформаларга ылайыкташтыруу;
  • Маалыматтык ишмердүүлүктү санариптик трансформациялоо, ички коммуникациялык процесстерди оптималдаштыруу жана заманбап чечимдерди киргизүү боюнча кеңеш берүү;
  • ЖМК, журналисттер, блогерлер жана эксперттик коомчулук менен байланыштар базасын түзүү жана туруктуу кесиптик мамилелерди куруу;
  • Адвокатуранын эл аралык маалыматтык ишмердүүлүгүн коштоо;
  • Адвокатура институтунун санариптик көрүнүктүүлүгүн жана таанылуусун жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгуу;
  • Келишимдин алкагында бардык маалыматтык материалдарды архивдөө, системалаштыруу жана санариптик сактоону камсыз кылуу;
  • Адвокатуранын ишмердүүлүгүн жогорку кесипкөй деңгээлде чагылдырууга багытталган башка чектеш, консультациялык жана аналитикалык кызматтар.

Катышуучуларга коюлган талаптар

Конкурска Кыргыз Республикасында катталган жана аталган кызматтарды көрсөтүүгө укугу бар юридикалык жактар (компаниялар) катыша алышат. Негизги квалификациялык талаптар:

  • Уюмдун жалпы республикалык ЖМКларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар квалификациялуу кызматкерлери (коммуникация, анализ ж.б. боюнча адистер) болушу керек (телевидениеде иш тажрыйбасы бар талапкерлерге артыкчылык берилет).
  • Уюм кызматтарды толук көлөмдө аткаруу үчүн зарыл болгон техникалык ресурстарга (фото жана видео тартуу, аудио жаздыруу үчүн жабдыктар ж.б.) ээ болушу зарыл.
  • Кыргыз жана орус тилдеринде (оозеки жана жазуу жүзүндө) эркин иштөө жөндөмү, анткени расмий материалдар эки тилде тең жарыяланат. Англис же башка тилдерди билүү артыкчылык болуп саналат.
  • Камсыздоочу маалыматтардын купуялуулугун кепилдеши жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сакташы керек.

Конкурсту өткөрүү жана билдирмелерди берүү тартиби

Конкурс ачык формада өткөрүлөт. Даярдалган билдирме (заявка) төмөнкү документтерди камтышы керек:

  • Уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн расмий билдирме-кат.
  • Кадрдык курам жөнүндө маалымат (адистердин квалификациясы, IT-жабдуулардын деңгээли).
  • Банктык реквизиттер жана кызмат көрсөтүүнүн баасы.

Бардык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде даярдалышы керек.

Документтерди берүү тартиби: Документтерди электрондук почта аркылуу info@advokatura.kg дарегине жөнөтүү же кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын аппаратына: Бишкек ш., Бөкөнбаев көч., 204, 6-кабат дарегине тапшыруу зарыл.

Билдирмелерди берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 12-мартына чейин. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиккен билдирмелер каралбайт.

Баалоо критерийлери жана келишим түзүү

Катышуучулардын билдирмелери комиссия тарабынан төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

  • Сунушталган иш-пландын толуктугу жана сапаты, кызмат көрсөтүү үчүн ресурстардын болушу.
  • Кызматкерлердин квалификациясы.
  • Сунушталган баанын экономикалык негиздүүлүгү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү.

Жеңүүчү ушул критерийлердин жыйынтыгы боюнча тандалат. Эң жогорку балл алган тарапка чечим тууралуу расмий түрдө билдирилет.

Байланыш маалыматтары: Конкурс боюнча бардык суроолор (талаптар, документ тапшыруу тартиби ж.б.) боюнча төмөнкү телефонго кайрылсаңыздар болот: +996 501 16 19 11 (Адвокатуранын аппараты).