Кеңештин жумушчу визиттери
Primary tabs

2026-жылдын 20-февралында Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна, төрайымдын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна жана Кеңештин мүчөсү Муратова Токтокан Рапиновна Баткен облустук сотунун төрагасы Алдашов Азамат Зарылбекович менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адвокаттардын кесиптик ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, адвокаттардын иш алып баруусу жана ишеним берүүчүлөр менен купуя жолугушууларды өткөрүүсү үчүн өзүнчө кабинеттерди бөлүп берүү маселеси каралды.
Өзгөчө көңүл облустук соттун жаңы имаратында адвокаттар үчүн кабинеттерди алдын ала долбоорлоо, ошондой эле жарандардын укуктук жардамга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана укуктарын коргоонун натыйжалуулугун арттыруу максатында Баткен облусунун райондук сотторунда да ушундай шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду.
Соттун төрагасы жаңы имаратты пландаштырууда жана райондук соттордогу маселелерди кароодо сунуштарды эске алууга даяр экенин билдирип, сапаттуу соттук коргоону камсыз кылууга өбөлгө түзгөн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.
