Кеңештин жумушчу визиттери

Изображение: 

2026-жылдын 20-февралында Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрү Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Дөлөтбекович менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө адвокатура институтун өнүктүрүү, жарандардын укуктарын коргоодогу адвокаттардын ролун күчөтүү жана алардын кесиптик ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Баткен шаарындагы адвокаттарды жайгаштыруу үчүн имарат берүү маселеси көтөрүлдү.

Шаар мэри кызматташуу демилгесин колдоп, муниципалитет бир катар багыттар боюнча квалификациялуу юридикалык коштоого муктаж экендигин белгиледи. Ошондой эле жакынкы аралыкта имаратты акысыз негизде бөлүп берүү маселесин карап чыгууга убада берди.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.