Кеңештин жумушчу визиттери
Primary tabs

2026-жылдын 20-февралында Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна, төрайымдын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна жана Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Муратова Токтокан Рапиновна Баткен облусунун губернатору Шаменов Айбек Асанович менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө адвокатура институтунун жалпы абалы жана өнүгүү процесстери, анын ролун бекемдөө жана көрсөтүлүп жаткан юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Баткен облусунун адвокаттарын жайгаштыруу үчүн имарат берүү мүмкүнчүлүгү өзгөчө көңүл борборунда болду.
Мындай жолугушуулар мамлекеттик бийлик органдары менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү жолго коюуга, адвокатуранын көз карандысыздыгынын институционалдык кепилдиктерин чыңдоого жана жарандарды жеткиликтүү, квалификациялуу укуктук жардам менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.
