Некролог

Изображение: 

Бишкек шаардык Аймактык Адвокатурасынын адвокаты Базаркулов Камельдин Кушубекович дүйнө салды.

Камельдин Кушубекович 1957-жылы төрөлгөн. Ал 2015-жылдын 28-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болгон. 

Өзүнүн кесиптик ишинде көптөгөн жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп, акыйкаттуулуктун орношуна чоң салым кошкон. 

Кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси жана аткарган иши жүрөгүбүзгө түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.