Некролог

Изображение: 

Бишкек шаардык Аймактык Адвокатурасынын адвокаты Молтоев Асанбек Эсенгельдиевич дүйнө салды.

Асанбек Эсенгельдиевич 1968-жылы төрөлгөн. Ал 2022-жылдын 1-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болгон. 

Өзүнүн кесиптик ишинде көптөгөн жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп, акыйкаттуулуктун орношуна чоң салым кошкон. 

Кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси жана аткарган иши жүрөгүбүзгө түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.