Бишкекте гендердик адилеттүүлүк боюнча эл аралык конференция болуп өттү
Primary tabs

Бишкек шаарында «Кыргызстан аял-судьялар ассоциациясы» коомдук уюмунун «Аялдар жана кыздардын адилеттикке жетишүүсү. Гендердик зомбулукту алдын алуу» темасындагы XI жылдык конференциясы болуп өттү.
Иш-чара онлайн жана офлайн форматта өтүп, аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо, гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоого арналды.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна катышып, байандама жасады,. Ошондой эле, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Омбудсмен институтунун, Башкы прокуратуранын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү баяндамалар менен чыгышты.
Иш-чара гендердик адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган маанилүү платформа болду.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы