С Днем Конституции Кыргызской Республики!

          "Урматтуу кесиптештер!

            Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайм!

            1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргызстандын негизги мыйзамы – Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Бул дата мамлекетибиздин азыркы тарыхына алтын тамгалар менен жазылган.

            Эгемендүү Кыргызстандын негизги мыйзамы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун башкы кепили. Кыргызстан укуктук мамлекет куруп жатат. Биздин өлкөдө Мыйзам баарынан жогору болуп, бардыгына бирдей кызмат кылышы керек. Адамдын укуктары жана эркиндиги, жалпы адамзаттык баалуулуктар чыңалбас сакталган, анын кадыр-баркы сыйланган өлкөнүн жогорку келечеги бар.

            Адамдын конституциялык укуктарын жана жарандык эркиндиктерин коргоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш.

            Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү өлкөдөгү эң маанилүү майрамдардын бири. Биздин жакшы координацияланган ишибиз жана тилектештигибиз гүлдөп-өнүккөн келечекке ишенимдүү кароого мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу сиздерди ушул атактуу күн менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер! Алдыга койгон ой- максаттардын  орундалышын, жакшы маанай  жана ден соолук каалайм! Ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык жана келечекке ишеним өкүм сүрүп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу бизди албан ийгиликтерге жетелейт деп ишенем!

            Урматтоо менен, Адвокаттар кенеши!